Германия и Кыргызстан укрепляют партнерство в сфере культуры, образования и поддержке молодежных инициатив

В Бишкеке прошло 17-е заседание Кыргызско-Германской межправительственной комиссии по делам граждан Кыргызской Республики немецкой национальности. Немецкую делегацию возглавил Уполномоченный Федерального правительства Германии по делам переселенцев и национальных меньшинств доктор Бернд Фабрициус. Кыргызстан представлял заместитель министра иностранных дел Кыргызской Республики Медер Абакиров. Среди членов немецкой делегации также приняли участие Чрезвычайный и Полномочный Посол Германии в Кыргызстане госпожа Моника Ленхард, представители МВД Германии, института по международным отношениям, руководитель фонда солидарности с немцами за рубежом и другие.

В начале заседания участники отметили, что Кыргызстан и Германия на протяжении многих лет поддерживают партнерские отношения, а немцы Кыргызстана служат связывающим звеном сотрудничества двух стран. Кыргызско-Немецкий дом открыт не только для членов диаспоры, но и для всех граждан, которые интересуются немецким языком, культурой и традициями немцев Кыргызстана.

Председатель Народного Совета немцев Кыргызстана Валерий Диль выступил от имени самоорганизации немцев Кыргызстана. Он выразил благодарность Федеральному правительству Германии, а также другим партнерам за помощь в приобретении нового здания Кыргызско-Немецкого дома. Новый Кыргызско-Немецкий дом объединил работу всех структур организации в одном пространстве.

Генеральный директор Немецкого фонда гуманитарной помощи Артур Шесслер представил подробный доклад о деятельности Фонда и актуальных проектах организации. Особое внимание он уделил программам в сфере языковой, этнокультурной, молодежной и социальной работы. Артур Шесслер также отметил, что этнические немцы активно принимают участие в общественных инициативах и проектах. Кроме того, Фонд реализует различные образовательные и просветительские программы.

Работа с молодежью остается одним из важных направлений деятельности организации. Председатель Союза немецкой молодежи Кыргызстана Диана Чернышова выступила с докладом о программах, направленных на поддержку и развитие молодежного движения. Она рассказала о семи молодежных клубах в разных регионах Кыргызстана, а также поделилась планами создания нового клуба в городе Оше.

Председатель Совета ассоциации «Ассамблея народа Кыргызстана» Рахман Медер рассказал о проектах своей организации и пригласил немецкую молодежь в лице Дианы Чернышовой принять участие в инициативах молодежного крыла Ассамблеи.

Кыргызско-Немецкий дом также сотрудничает с Молодежным и студенческим объединением немцев из России (JSDR), что позволяет молодежи из разных стран обмениваться опытом и реализовывать совместные проекты.

Моника Ленхард отдельно отметила роль Гёте-Института, который ежегодно направляет в Кыргызско-Немецкий дом языковых ассистентов. Благодаря этому студенты немецких курсов могут не только практиковать произношение, но и узнавать о жизни в Германии изнутри.

По итогам заседания было подписано коммюнике о взаимовыгодном сотрудничестве между Кыргызстаном и Германией и поддержке граждан Кыргызской Республики немецкой национальности. Итоговый документ также включил в себя пункты о программах по развитию языковых, образовательных и культурных инициатив, направленных на укрепление сотрудничества между двумя странами.

Германия менен Кыргызстан маданият, билим берүү жаатында жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган өнөктөштүктү чыңдоодо

Бишкекте Кыргыз Республикасындагы немис улутундагы жарандар боюнча Кыргыз–Герман өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны болуп өттү. Немис делегациясын Германия Федералдык Өкмөтүнүн көчүп келгендер жана улуттук азчылыктар иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Бернд Фабрициус жетектеди. Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров катышты. Немис делегациясынын курамына ошондой эле Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард айым, Германиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Эл аралык мамилелер институтунун өкүлү, чет өлкөлөрдөгү немистер менен тилектештик фондунун жетекчиси жана башка өкүлдөр катышты.

Жыйындын башында катышуучулар Кыргызстан менен Германия көп жылдан бери өнөктөштүк мамилелерди колдоп келе жатканын, ал эми Кыргызстандагы немистер эки өлкөнүн кызматташтыгында байланыштыруучу көпүрө болуп кызмат кыларын белгилешти. Кыргыз–Герман үйү диаспора мүчөлөрү үчүн гана эмес, немис тилине, маданиятына жана Кыргызстанда жашаган немистердин салттарына кызыккан бардык жарандар үчүн да ачык.

Кыргызстанда жашаган немистердин Элдик кеңешинин төрагасы Валерий Диль Кыргызстандагы немистердин өзүн-өзү уюштуруу уюмунун атынан сөз сүйлөдү. Ал Германиянын Федералдык өкмөтүнө, ошондой эле башка өнөктөштөргө Кыргыз–Герман үйүнүн жаңы имаратын сатып алууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жаңы Кыргыз–Герман үйү уюмдун бардык түзүмдөрүнүн ишин бир мейкиндикте бириктирди.

Германиянын гуманитардык жардам боюнча Немис фондунун башкы директору Артур Шесслер Фонддун ишмердүүлүгү жана уюмдун учурдагы долбоорлору тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал тил, этномаданий, жаштар жана социалдык иштер тармагындагы программаларга өзгөчө көңүл бурду. Артур Шесслер ошондой эле этникалык немистер коомдук демилгелерге жана долбоорлорго активдүү катышып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Фонд ар түрдүү билим берүү жана агартуу программаларын ишке ашырып келет.

Жаштар менен иштөө уюмдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири бойдон калууда. Кыргызстандагы Немис жаштарынын союзунун төрайымы Диана Чернышова жаштар кыймылын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган программалар тууралуу баяндама жасады. Ал Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеп жаткан жети жаштар клубу тууралуу айтып, ошондой эле Ош шаарында жаңы клуб түзүү пландары менен бөлүштү.

«Кыргызстан элинин ассамблеясы» ассоциациясынын Кеңешинин төрагасы Рахман Медер өз уюмунун долбоорлору тууралуу айтып берди жана Диана Чернышованын өкүлчүлүгүндөгү немис жаштарын Ассамблеянын жаштар канатынын демилгелерине катышууга чакырды.

Кыргыз–Герман үйү ошондой эле Россиядагы немистердин жаштар жана студенттер бирикмеси (JSDR) менен кызматташат, бул ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаштарга тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Моника Ленхард Гёте-Институттун ролун өзүнчө белгилеп өттү. Ал институт жыл сайын Кыргыз–Герман үйүнө тил боюнча ассистенттерди жиберип турарын айтты. Мунун аркасында немис тили курстарындагы студенттер туура айтылышты гана практикалоо менен чектелбестен, Германиядагы жашоо тууралуу кеңири жактан да маалымат ала алышат.

Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстан менен Германиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтык жана Кыргыз Республикасынын Германия улутундагы жарандарына колдоо көрсөтүү тууралуу коммюникеге кол коюлду. Жыйынтыктоочу документке ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган тилдик, билим берүү жана маданий демилгелерди өнүктүрүү боюнча программалар тууралуу пункттар киргизилди.

Актуальные новости
Стань частью команды

Твоя энергия, забота и идеи могут изменить чью-то судьбу.
 Присоединяйся — вместе мы сделаем больше.