Сотрудники Немецкого дома регулярно проходят повышение квалификации от Института этнокультурного образования «BIZ». Для Ольги Шульц это был первый опыт участия, и она поделилась своими впечатлениями.

Обучение проходило в два этапа. Первый, заочный, проходил онлайн и содержал в основном теоретическую часть. Участникам отправляли материал для самостоятельной подготовки. Очный этап состоялся в Санкт-Петербурге и был посвящен работе в группах, конференциям и экскурсиям. Ольга Шульц отмечает, что командная работа помогла ей быстро освоиться, познакомиться с коллегами и почувствовать себя увереннее в профессиональной среде. Каждый был готов поделиться своим подходом. В такой атмосфере разные взгляды не разобщают, а помогают найти сильное решение.

Ольга рассказывает, что даже теоретические занятия проходили динамично. В то время как лекторы давали большой объем информации, аудитория активно задавала вопросы и предлагала практические методы работы. Она также выступила с презентацией своей деятельности. Рассказала про Клуб Сеньоров – этнокультурный проект Немецкого дома. Участники проявили интерес к идее организации пространства для людей пожилого возраста, где можно заботиться о здоровье, заниматься творчеством и изучать немецкий язык.

Приятным завершением обучения стали экскурсии. Участники посетили Лютеранскую церковь Святой Екатерины – важный духовный центр немецкой общины Санкт-Петербурга. Важную роль в жизни немецкой диаспоры сыграло объединение ремесленников «Пальма». Оно способствовало развитию профессионального образования и ремесленного дела. «Пальма» стало символом качества и мастерства. Участникам удалось посетить одну из первых школ, открытых при церкви Святого Петра и Павла. Церковь была важна для немецкой общины, там обучали грамоте, прививали культурные и духовные ценности. Конечно, группа не могла обойти стороной и знаменитые достопримечательности города: Эрмитаж, Исаакиевский собор и памятник Екатерине II, символизирующий эпоху тесного сотрудничества России и Европы.

Ольга Шульц уехала из Санкт-Петербурга с большим багажом знаний и опыта. Каждое занятие или экскурсия дарили ей новые идеи для работы. Она уже готова внедрять это в Немецком доме и запускать новые проекты.

Окутуу практика менен кандайча айкалышат:
Ольга Шульцтун BIZ институтунун курстарындагы тажрыйбасы
Немис үйүнүн кызматкерлери BIZ этномаданий билим берүү институту уюштурган квалификацияны жогорулатуу курстарына үзгүлтүксүз катышып турушат. Ольга Шульц үчүн бул окуу алгачкы тажрыйба болуп, ал өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.
Окуу эки баскычта өткөрүлдү. Биринчи баскычы аралыктан окутуу форматында уюштурулуп, негизинен теориялык билим берүүгө багытталды. Катышуучулар өз алдынча даярдануусу үчүн окуу материалдары алдын ала жөнөтүлүп турду. Экинчи, күндүзгү баскыч Санкт-Петербург шаарында өтүп, топтук ишке, конференцияларга жана таанып-билүү экскурсияларына арналды. Ольга Шульцтун айтымында, биргелешкен иш ага жаңы чөйрөгө бат ыңгайлашууга, кесиптештери менен жакындан таанышууга жана өзүн кесиптик коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары ишенимдүү сезүүгө чоң жардам берди. Ар бир катышуучу өзүнүн иш тажрыйбасы жана ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр болду. Мындай жылуу жана ачык маанайда ар түрдүү көз караштар бөлүнүүгө эмес, тескерисинче, эң мыкты чечимди табууга көмөктөшөт.
Ольганын айтымында, теориялык сабактар да абдан жандуу жана кызыктуу өттү. Лекторлор кеңири көлөмдөгү маалыматтарды сунуштап жатышса, катышуучулар активдүү суроолорду берип, практикалык иш тажрыйбалары жана натыйжалуу ыкмалары менен бөлүшүп турушту. Ольга да өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасап, Немис үйүнүн этномаданий долбоору болгон «Сеньорлор клубу» жөнүндө айтып берди. Ал улгайган адамдар үчүн ден соолугуна кам көрүүгө, чыгармачылык менен алектенүүгө жана немис тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн бул долбоордун өзгөчөлүктөрүн тааныштырды. Бул демилге катышуучулардын кызыгуусун жаратып, улуу муундагы адамдар үчүн ар тараптуу өнүгүүгө жана баарлашууга багытталган мындай мейкиндикти уюштуруу идеясы жогору бааланды.
Окуунун жагымдуу жыйынтыгы катары катышуучулар үчүн таанып-билүү экскурсиялары уюштурулду. Алар Ыйык Екатерина лютеран чиркөөсүнө барып, Санкт-Петербургдагы немис жамаатынын маанилүү руханий борбору менен таанышышты. Санкт-Петербургдагы немис диаспорасынын жашоосунда «Пальма» кол өнөрчүлөр бирикмеси да маанилүү роль ойногон. Ал кесиптик билим берүүнүн жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жогорку сапаттын жана чеберчиликтин символуна айланган. Катышуучуларга ошондой эле Ыйык Пётр жана Павел чиркөөсүнүн алдында ачылган алгачкы мектептердин бирине баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул чиркөө немис коомчулугу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон. Анда жаштарды сабаттуулукка үйрөтүп гана тим болбостон, маданий жана руханий баалуулуктарды даңазалоого өзгөчө көңүл бурулган. Албетте, топ шаардын дүйнөгө белгилүү кооз жерлерин да кыдырбай койгон жок. Алар Эрмитажды, Ыйык Исаак соборун жана Россия менен Европанын ортосундагы тыгыз кызматташтык доорунун символу болуп саналган Екатерина IIнин эстелигин көрүштү.
Ольга Шульц Санкт-Петербургдан мол билим жана бай тажрыйба менен кайтты. Ар бир сабак жана ар бир экскурсия ага ишинде пайдаланууга жаңы идеяларды берди. Ал булардын баарын Немис үйүнүн ишмердүүлүгүнө киргизүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр.